Базарлар ассоциациясы ЖСТТ (жөнгө салуучу таасирин талдоо – орусча АРВ) процессинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишкердүүлүгүн жөнгө салуунун Тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоорун иштеп чыгууга жана макулдашууга катышты. Натыйжада:
— биринчи жолу самокаттардын (жеке мобилдүүлүк каражаттардын — ЖМК) жүрүү кыймылынын жана бир жерде токтотуусунун жалпы Эрежелери киргизилди;
— бизнес субъекттери үчүн чөйрөлөрдү, жөө жүргүнчүлөр зонасындагы калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын кыймылын жеңилдетүү үчүн жөнгө салуучу максаттар ишке ашты.