Бишкекте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселелери талкууланды: Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясы бир нече сунуштар менен чыкты

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отуруму болуп өттү. Кеңештин ишине Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев катышты.

Жолугушууда прокуратура органдарынын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча иши, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери талкууланды. Бизнес-ассоциациялардын сунуштарына өзүнчө көңүл бурулду.

Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясы буга чейин мамлекеттик органдардын учурда иштелип жаткан КР Ишкердик кодексинин долбоорунун айрым жоболору боюнча өз пикирин айтып келген. Жыйында Сергей Пономарев бул документти кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Тагырак айтканда, ал төмөнкү орчундуу көйгөйлөрдү белгиледи:

  • Декларативдик ченемдерди ишке ашыруу механизмдеринин жоктугу. Кодекстин долбоорунда бизнести коргоо маселеси боюнча талаш-тартыш жоболорду колдонууну камсыз кыла турган шаймандар каралган эмес. С. Пономарев Салык кодексин мисал катары келтирип, анда коллизиялар салык төлөөчүнүн пайдасына чечмеленип жаткандыгы жана ыйгарым укуктуу органдын түшүндүрмөлөрү сөзсүз аткарылуусу керек экендиги тууралуу айтты. Ишкердик кодексине байланыштуу Ассоциация Башкы прокуратурага мыйзам чыгаруу демилгеси укугунан пайдаланууну жана долбоорду тиешелүү ченемдер менен толуктоону сунуш кылды.

 

  • Иштелип жаткан Кодекстин 136-беренесиндеги кемчиликтер. Ассоциация башчысы сунушталган редакцияда зыяндын өлчөмүн аныктоо методикасы жок экенин белгиледи. Ассоциация сот бийлигине келтирилген зыяндын суммасын объективдүү жана ачык-айкын аныктоого мүмкүндүк берген так эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууну сунуштады.

 

Мындан тышкары, Сергей Пономарев Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын аймагында транспорт каражаттарын парковкага коюу жана токтотуу үчүн жыйымдардын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтом долбооруна, тагырак айтканда, жөнгө салуучу таасирди талдоодогу бузууларга токтолуп, алар бир нече ченемдик-укуктук актыларга каршы келгенине көңүл бурду.

«Бизнестин өкүлдөрүн талкууга чакырышкан жок, бул ачыктыктын жана кызыкдар тараптардын катышуусунун принциптерин бузуу болуп саналат, — деп тактады ал. – Ассоциациянын пикири боюнча, мындай демилгелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирбейт жана иш жүзүндө салык болуп саналат, демек иштеп жаткан мыйзамдарга каршы келет».

Сергей Пономарев бизнес коомчулугу Башкы прокуратурадан жана профилдик органдардан каралып аткан маселелердин дыкат иштелип чыгышын күтөт жана Консультативдик кеңештин алкагында мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *