Бишкек шаарындагы ишкерлерге карата колдонулуучу рейддик текшерүүлөрдү көзөмөлдөө

Базарлар ассоциациясы Мамлекеттик салык кызматынын катышуусу жана КР Министрлер Кабинетинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчаларында Бишкек шаарындагы ишкерлерге карата колдонулуучу рейддик текшерүүлөрдү практика жүзүндө жүргүзүү тартибин жөнгө салууга жетишти.

 

Рейддик көзөмөл жүргүзүүдө ыйгарым укуктарды ашыкча пайдалануу маселеси көтөрүлгөн жана ачык айтылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын сактоо, ишкерлердин укуктарын бузууга жол бербөө боюнча кызматкерлерге карата түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн.

 

2024-жылдын 29-августунда №150 токтом менен бекитилген «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин» 162-пунктунун 2-абзацынын ченеми негизсиз экенин далилдеп, Базарлар ассоциациясы бул ченем өзүнчө токтом менен кайра каралып чыгуусуна жетише алган.

 

Ченемдин алгачкы редакциясында күн сайын саат 7:00ден 20:00гө чейин Бишкек шаарынын аймагында товарлар менен азык-түлүктөрдү ташууга тыюу салуу каралган болчу.

 

Аткарылган иштердин ортомчу жыйынтыгы катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бул ченемди колдонууга тыюу салган прокурордук чара көрүү актысын эсептесе болот.

 

Бул иш 5 айдан ашуун убакытка чейин созулду.

 

Бишкек шаарындагы жолдор аркылуу товарларды күндүз ташууга тыюу салган Жобонун бизнеске тийгизген терс таасири далилденди.

 

Жөнгө салуучу башка варианттар да каралды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *