Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сиздердин укуктарыңыздарды коргоо жана бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул эскертмеде сиз өзүңүздүн негизги укуктарыңыз жана алар бузулган учурда прокуратура органдарына кантип кайрылуу тууралуу маалыматты таба аласыз.
Сиздин негизги укуктарыңыз
Ишкердик ишмердүүлүктү эркин жүргүзүү укугу
Сиз мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүз ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуусуз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт жана инвестицияларды коргоого кепилдик берет.
Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоонуу
Сиздин ишмердүүлүгүңүздү текшерүү иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, катуу талап менен жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир мыйзамсыз текшерүү даттанууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 Жарлыгына ылайык, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу каралган.
Уруксат берүүлөрдү жана лицензияларды алуу укугу
Бизнес жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүлөрдү, лицензияларды жана башка документтерди өз убагында алууга укугуңуз бар.
Коррупциядан жана өзүм билемдиктен коргоонуу
Кызматтагы адамдар сизден пара талап кылууга, ишмердүүлүгүңүзгө мыйзамсыз тоскоолдуктарды жаратууга укугу жок.
Прокуратура органдарына кайрылуу укугу
Сиздин укугуңуз бузулган учурда мыйзамдуу кызыкчылыктарыңызды коргоо үчүн прокуратура органдарына кайрылсаңыз болот.
Сиздин укугуңуз бузулган учурда эмне кылуу керек?
Бузууну жазып алыңыз
Төмөнкү далилдерди чогултуңуз: документтерди, сүрөттөрдү, аудио же видео жазууларды, күбө адамдардын көрсөтмөлөрүн.
Жардам сураңыз
Прокуратура органдарына кайрылуунун сизге эң ыңгайлуу жолун же ыкмасын тандаңыз.
Арыз жазып, тапшырыңыз
Арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Сиз тууралуу маалыматтар (толук аты-жөнүңүз, байланыш маалыматтарыңыз);
Бузуунун маңызы;
Колдо болгон далилдер;
Сиздин талаптарыңыз (маселен, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу).
Прокуратура органдарына кантип кайрылса болот?
Эгерде ишкер катары укугуңуз бузулса, сиз төмөнкү ыкмалар менен жардам сурасаңыз болот:
Ишеним телефондору
Кыргыз Республикасынын ар бир прокуратурасында ишеним телефондору орнотулган. Телефон номерлери Башкы прокуратуранын расмий сайтында же жергиликтүү прокуратураларда бар.
«Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси
Прокуратура органдарына ыкчам байланышуу жана арызыңыздын каралышын көзөмөлдөө үчүн колдонмону жүктөп алыңыз. App Store жана Google Play’ аркылуу кылса болот.
Жеке кайрылуу
Сиз өзүңүз жакын жердеги прокуратурага кайрылып, анын атына арыз жазып, керектүү документтерди тапшырсаңыз болот.
Онлайн-кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуунун формасын толтуруңуз.
Ишкерлердин укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүү үчүн катуу жоопкерчилик каралган:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 338-1-беренесинде ишкердик ишмердүүлүккө мыйзамсыз кийлигишүү үчүн мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесине ылайык, мыйзамсыз текшерүүлөр жана ишкерлерге басым жасоо кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн 150 өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Эгерде сиздин укугуңуз бузулса, унчукпаңыз – прокуратура органдарына кайрылыңыз!
Пайдалуу байланыштар
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты: www.prokuror.kg
Ишеним телефондору: номерлерди өзүңүздүн жергиликтүү прокуратураңыздан же веб-сайттын бөлүмүнөн тактап, текшериңиз: https://prokuror.kg/security/ru
«Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси: App Store же Google Play’ аркылуу жүктөп алыңыз.
ЭСИҢИЗДЕРДЕН ЧЫГАРБАҢЫЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сиздин укуктарыңызды жана кызыкчылыктарыңызды коргоого ар дайым даяр.
Көйгөйлөр менен жалгыз калбаңыз – жардам сураңыз!