Базарлар ассоциациясы Бишкек шаарындагы ири соода түйүндөрү, базарлар, кичи-базарлар, ишканалар жана башка субъекттер үчүн товарларды жана азык-түлүк продукцияларын ташууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча бир нече ай бою иштерди жүргүздү.
Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жигердүү катышуусу жана башка бизнес-ассоциациялар менен болгон жемиштүү кызматташуунун натыйжасында төмөнкүлөр токтотулду:
— Бишкек шаарынын мэриясынын тарамдары тарабынан сынамык укук колдонуу практикасы жана ири соода түйүндөрү тарабынан продукциялардын логистикасына тыюу салуунун аткарылышы боюнча текшерүүлөр;
— тыюу салууну көздөгөн ченемдик-укуктук актыны кайра иштеп чыгууга багышталган жөнөтүүлөр;
— бизнеске таасир этүүчү мыйзам долбоорлорун кароодо ЖСТТ (жөнгө салуучу таасирин талдоо) Методикасын жүргүзүү алкагында башка варианттарды карап чыгуу жактары.