Ассоциациянын Уставдык милдеттерин аткаруу – коюлган максаттарга ийгиликтүү жетүүгө өбөлгө түздү, башкача айтканда бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ассоциацияга мүчө болгон биздин ишкерлерге көмөк көрсөтүүгө жана ишкерлик чөйрөнү жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды алдыга жылдырууга жардам берди.
Ассоциация мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана демилгелерди ишке ашыруу
Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясы 2006-жылдын 10-октябрында түзүлгөн. Өзүнүн натыйжалуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң ири ассоциациялардын бирине айланды. Азыркы учурда анын курамында 100дөн ашуун мүчө бар. Ассоциация бизнес жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоочу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ. Тагырак айтканда, ассоциация бизнеске тоскоол болгон КР Министрлер Кабинетинин жана КР Жогорку Кеңешинин ар кандай токтомдорунун жокко чыгарылышына салым кошуп, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган жаңы ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышына демилгечи болуп келет.
БайланыштарКыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеш
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы бизнес укуктарын коргоо бөлүмү менен өз ара аракеттенүү
Мамлекеттик салык кызматынын тутумундагы текшерүүчү түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана ыйгарым укуктарынын аша чапкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жазуу жүзүндө даттанууларды берүү
Ыңгайлуу болгон каалаган ыкма менен
Телефон: +996 500 333 119
Электрондук почта аркылуу жөнөтүү: asrtu@mail.ru
Дарек: Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 115/3