Бөлүштүр жана бийлигиңди жүргүзө бер?» Айыл чарба министрлиги дүкөн текчелеринде ширелерди бөлүп салууну сунуштоодо.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги шире азыктарын сатуунун жаңы эрежелерин демилгеледи. Бул демилге дүкөн текчелеринде табигый ширелерди ширеси бар суусундуктардан бөлүп жайгаштырууну сунуштайт (мисалы, түстүү коддор менен же тосуп салуу бөлүктөр менен). Мунун максаты – кардарларды (же сатып алуучуларды) табигый ширелерди көбүрөөк тандоого үндөө жана алардын продукцияны тандоосун жеңилдетүү (башкача айтканда, продукцияны тандоодо башаламандыкты болтурбоо), ошону менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана азык-түлүк коопсуздугун колдоо болуп эсептелет.

Бул талаптар 50 кв метрге чейинки чакан соода жайларына да, 200 кв метрден ашкан ири соода түйүндөрүнө да тиешелүү. Бирок, бул демилге өндүрүүчүлөрдүн, ритейлердин жана соодагерлердин (сатуучулардын) арасында көптөгөн суроолорду жаратты.

Бул тууралуу бизнес өкүлдөрү кандай ойдо экенин билүү максатында Kaktus.media Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев менен маек курду.
— Буга чейин КРнын Министрлер Кабинети тарабынан табигый сүт жана курамында сүт бар азыктар үчүн текчелерди бөлүү демилгеси көтөрүлгөн, азыр ширелер үчүн да ошондой ыкманы киргизүү сунушталууда. Бул демилгенин маңызы эмнеде, анын артыкчылыктары менен кемчиликтери эмнеде?

— Чакан дүкөндөрдөн баштап ири түйүндөргө чейин ширеси бар суусундуктарды табигый ширелерден бөлүп салуу маселесин милдеттендирүү сунушталууда. Чынын айтсам, сүт азыгы үчүн мындай талап мурунтан эле бар болчу. Бирок мунун жакшы жактары көп деле эмес, анткени бул жерде сооданын өзгөчөлүктөрү эске алынбай келет. Чакан дүкөндөрдүн мейкиндиги чектелүү, бирок аларга текчелерди жана муздаткычтарды (кошумча чара катары) бөлүп, маркировканы, жебелерди жана чаптамаларды орнотууну сунуштап жатышат. Негизинен соода тармагын товардын өзүн таңгактоо жана маркировка аркылуу өндүрүүчүлөр өздөрү чече турган маселени аткарууга мажбурлап жатат десем жаңылбайм. B категориясындагы дүкөндөгү соода, башкача айтканда, үйдүн жанындагы дүкөндүн соода-сатыгы соода аянты менен чектелген. Ишкерлер чоңураак аянтты каалашат, бирок ээлеген соода аянттары чектелүү. Анан алар кантип бир продуктуну башка продуктудан бөлүшү керек? Ишкерлерде физикалык жактан орун жок болуп жатпайбы. Ал тургай, сүт менен мындай бөлүү жок. Сиз мындай нерсени кайсы жерде көрдүңүз эле?

— Бирок текчелерди бөлүү кардарлар үчүн пайдалуу болуп жатпайбы?

— Анда эмне үчүн өндүрүүчүлөр таңгактын дизайнын өзгөртүп, табигый ширелерди түздөн-түз кутуга бөлүп көрсөтүшпөйт? Бул алардын маркетингдик шайманы да. Анын үстүнө маркировкалоо ЕАЭБдин техникалык регламентинде каралган. Маселен, продукциянын курамы көрсөтүлүшү керек. Эгер ал туура эмес көрсөтүлсө, анда бул мыйзам бузуу болуп саналат. Муну көзөмөлдөөчү органдар контролдошу керек.

— Демилгечилер ачык түстөгү таңгактар керектөөчүлөрдү адаштырып жатканын айтышууда. Буга макулсузбу?

— Бул тастыкталбаган аныктама. Эгерде алдамчылык болсо, анда укук коргоо органдары териштириши керек, ал эми маркетингге тыюу салынган эмес.

Бүгүнкү күндө маселе товар өндүрүүдө эмес, кептин баары аны сатууда. Өндүрүүчүлөр кардарларды тартуу үчүн маркетингди колдонушат. Бул нормалдуу көрүнүш.

— Эмне үчүн бизнес долбоордун жөнгө салуучу таасирине жүргүзүлгөн талдоону (орусчасы – АРВ) сынга алууда?

— Анткени ал формалдуу жүргүзүлгөн жана методикага туура келбейт.

Башында АРВ азык-түлүк коопсуздугу үчүн жүргүзүлүп жатканы белгиленип, анын такыр кереги жоктугу айтылган. Бирок ширелер коомдук мааниге ээ азыктардын категориясына кирбейт. Андан кийин документ даярдалып, бирок ал толук эмес болуп чыкты. Документте чыгымдарды же тобокелдиктерди баалоо же ишканаларга жана калкка тийгизген таасири толук кандуу талданган эмес. Ошол эле учурда, ал абдан кызыктуу көрүнгөнү менен башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаны эске алган эмес.

— Бул ата мекендик өндүрүшчүлөрдү коргоо аракети деген пикир бар.

— Эгерде биз текчелерди бөлүп баштасак, эртең джемдерди, унду, томат пастасын жана башка азыктарды бөлүү талаптары пайда болот. Бул жерде Пандоранын кутучасы ачылып жатпайбы. Мынчалык көп орунду же аянттарды кайдан табабыз? Ушундай демилгелер башка өлкөлөрдө ишке ашпай калды. Анын үстүнө, мындай чаралар ЕАЭБдин ичинде тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Бул маселени Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасына таянуу менен азыктын таңгагын алмаштырып, анын табигыйлыгын көрсөтүү менен чаптамалар аркылуу чечүүгө болот.

— Кандай тобокелдиктерди көрүп жатасыз?

— Коррупциялык тобокелдик зонасы пайда болууда. Мисалы, продукт кокусунан туура эмес текчеде жайгаштырылып калышы мүмкүн – бул бузуу болуп калат. Айтылган нерседен тышкары, мындай талаптар бизнестин чыгымдарын көбөйтөт, демек бул кардарлар үчүн баанын жогорулашы дегенди билдирет, анткени бардык баалардын өсүүлөрү кардарлардын мойнуна жүктөлүп калат. Азыктарды бөлүү (сүт азыктарына карата окшотуруп айтсак) соода түйүндөр үчүн болжол менен 180 миллион сомго турушу мүмкүн. Эми элестетип көрүңүз! Бул, албетте, баанын өсүшүнө алып келет.

— Продукциянын курамы үчүн ким жооп бериши керек — өндүрүүчүбү же дүкөнбү?

— Албетте, өндүрүүчү. Дүкөн таңгактагы жана сертификаттардагы маалыматка ынанат, ишенет. Эгерде этикеткада «табигый продукт» деп жазылса, дүкөн эмес, өндүрүүчү жоопткерчиликти өзүнө алат.

Биз ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Биздин максат – өкмөттү, бизнести жана керектөөчүлөрдү канааттандырган чечимди табуу болуп эсептелет.

— Талкууга сооданын катышуучулары катыштыбы?

— Бардык соода түйүндөрү Ассоциациянын катышуучулары болуп саналат жана алар көйгөйлөрдөн кабардар. Бирок «В» категориясындагы дүкөндөрдүн чакан ишкерлери жаңы эрежелер боюнча кабардар эмес, себеби алар чачыранды иштешет, саны өтө көп жана талкууларга катышпай келет. Бирок Айыл чарба министрлиги алар менен да кеңешиши керек эле. Маселен, жолугушууга Чүй облусунун жана башка региондордун соодагерлерин чакырганда, алар шок абалында болуп калышты, анткени сунуш кылынган нерсе боюнча аларга эч ким жана эч нерсе айткан эмес экен. Бирок байланыш (коммуникация) зарыл нерсе (ал сакталбай келүүдө). Биздин пикирибиз боюнча сөз болуп жаткан ченемдик-укуктук актысы кабыл алынбашы керек.

Азыркы мезгилде бизнестен чыккан адамдар министрликти башкарып жатканы абдан жагымсыз жагдай. Балким, текчелерди бөлүү боюнча ушундай чечим менен өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо аракети болгондур.

— Бул текчелерди бөлүү чечими кайсы мөөнөттө кабыл алынышы мүмкүн?

— Бул эки-үч айга чейин созулушу мүмкүн, бирок бул убакыттын ичинде өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн, сатуучулардын жана бизнес ээлеринин көйгөйлөрү чечилет деген үмүтүм бар. Ассоциациянын миссиясы – бул биздин мүчөлөрүбүздүн, атап айтканда бизнестин субьекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана алардын кызыкчылыктарын жактоо болуп саналат. Эгерде биз үчүн мыйзам жазылса, анда анын бузулбастыгын камсыздап, шарттарды түзүп, варианттарды сунуштоо абзел.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *