

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Абдурахманович Маматалиевдин төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары – Кенеш) жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жыйынга биздин ассоциация да катышты. Талкуу учурунда бизнес коомчулугунун алдында турган негизги маселелер жана актуалдуу көйгөйлөр козголду.
Ассоциациянын атынан Сергей Васильевич Пономарев чыгып сүйлөп, бир катар сунуштарды киргизди. Тактап айтканда, ал иштелип жаткан мыйзам долбоорлорунун өлкөнүн стратегиялык документтерине, анын ичинде экономикалык өсүштүн негизги индикаторлору, калктын кирешелеринин деңгээли жана башка артыкчылыктуу багыттар аныкталган 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына ылайык келүүсүнө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.
Кабыл алынган чечимдердин жөнгө салуучу таасирине (орусчасы – АРВ) сапаттуу талдоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
Өз сөзүндө ал Жогорку Кеңештин Төрагасына – бул диалог аянтчасы кайра иштей баштагандыгы, депутаттарга – активдүүлүгү жана өз ара аракеттенүүгө болгон ачыктыгы, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнө жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сөзүн жыйынтыктап, Сергей Васильевич Пономарев жөнгө салуу саясатынын стратегиясын иштеп чыгуу жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу эрежелерди түзүп, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга салым кошорун белгиледи.